Эпидемиологиялык абал турукташса, кайсы класстар мектепке кайтат?

Автор -

Билим берүү жана илим министрлигинен өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин кайсы класстын окуучулары салттуу режимде билим алууну улантарын кабарлашты. Министрликтин планына ылайык, алгач 2, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары салттуу окутуу режимине кайтат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова эфирде айтты.

«Экинчи класстын окуучулары бир жыл гана окушкан, анда да толук окушкан эмес. 9-11-класстын окуучулары — бүтүрүүчүлөр. Алар реалдуу форматта канчалык көп билим алышса, балдар ошончолук ишенимге ээ болуп, жакшы натыйжалар болот. Ал эми 5-класстын окуучулары башталгыч класстан кийин орто деңгээлде окуй башташат, жогорку класстын окуучулары болушат. Аларга ар башка мугалимдер сабак бере башташат. Бул аралык аларга кыйын болот», — деди ал.

Быйыл 1-сентябрдан баштап мектептерде 1-класстын окуучулары гана окуп баштады. Жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде 2-11-класстын окуучулары аралыктан окушат.