Кыргызстанда август айындагы статистикага ылайык, 14 жашка чейинки 1120 бала коронавирус менен ооруган. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын ичинен:
- 1 жашка чейин – 117;
- 1-5 жашка чейин – 354;
- 6-14 жашка чейин 649 бала ооруган.
«Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан балдар арасында COVID-19 инфекциясын диагностикалык аныктоо жана дарылоо пандемия башталгандан бери ишке ашырылып келе жатат. Азыркы учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун 4-варианты бекитилген. Балдардын арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү кездешүүдө. Жогоруда аталган протоколго мына ушул сезгенүүнү аныктоо жана дарылоо боюнча атайын бөлүм киргизилип, жолдомо жазылган», — деп билдирди С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шукурова.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда беш балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр:
1. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (Бишкек)
2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы (Бишкек)
3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы (Ош)
4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы (Ош облусу)
5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы (Бишкек)
Мындан сырткары, аймактык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалган. Жалпысынан 2356 койка-орундук бар.