Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун имаратында өрт чыкты (видео)

Автор -

Кыргызстандын Стамбулдагы Таксим аянтында жайгашкан башкы консулдугунда кечээ түндө өрт чыкты, деп билдиришет түрк басылмалары.

Өрт ылдам күч алып, жогорку кабаттарга өтүп баштаган, бирок куткаруучуларлын жардамы менен өчүрүүгө мүмкүн болду. Жалын чыккан учур тасмага түшүп калган.

Келтирилген материалдык чыгым такталууда. Курмандыктар жана жаракат алгандар жок. Полиция өрттүн чыгуу себептерин иликтеп баштады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү