Өзбекстанда баласын 1,5 миң долларга сатканы жаткан эне кармалды

Автор -

Коңшу Өзбекстандын Фергана шаарында өзүнүн 1 жаштагы баласын 1 миң 500 долларга сатууга аракет кылган 24 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, энеси баласын 1 миң 500 долларга сатуу үчүн сүйлөшүп, анын 500 долларын алып жаткан учурда кармалган. Азыркы учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат.

Бөлүшүү