Коронавирустан каза тапкан 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилди

Автор -

СOVID-19 илдетинен каза тапкан 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге компенсация төлөп берүү үчүн ар бир учур катталган мекемелерде атайын Комиссия иштеп жатат.

«Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Ал эми кызмат учурунда ооруга дуушар болгон медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Республика боюнча:

  • Ош облусунан -113 документ;
  • Талас облусунан – 33;
  • Чүй облусунан – 337;
  • Баткен облусунан – 25;
  • Нарын облусунан – 35;
  • Ысык-Көл облусунан – 48;
  • Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) 14 документ келип түшкөн.

«Муну менен бирге Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру», -дешет мекемеден.