Жалал-Абадда жол кырсыгынан 8 адам каза тапты (сүрөттөр)

Автор -
217

Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде катталды. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болду, алардын ичинен 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бөлүшүү