Россияда соңку суткада 5 миңден ашуун адамда коронавирус тастыкталды

Автор -

Соңку суткада Россияда коронавирус инфекциясынын 5 миң 195 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу 7-сентябрда ыкчам штабдан билдиришти.

Ага ылайык, өлкөдө соңку 24 саатта коронавирустан 51 адам каза тапты. Өлүмдөрдүн көпчүлүгү Москвада (14) жана Омск облусунда (5) аныкталды.

Россияда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 17 миң 820га жетти.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө Covid-19 1 млн 25 миң 505 адамда тастыкталды.  Анын ичинен 840 миң 949 адам айыгып чыкты. 210 миң 523 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү