«Социал-демократтар» партиясы «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоодон четтетилишин сындады. Партия бул тууралуу 7-сентябрда тараткан билдирүүсүндө маалымдады. Анда «Социал-демократтар» саясий партиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан чыгарып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин кескин сындай турганы жазылган:
«Олуттуу электораты бар абройлуу оппозициялык партиянын шайлоо жарышынан четтелиши — келечектеги парламенттин легитимдүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизет. Бийликтин аракеттерине сын айткан саясый күчтөрдүн жана алардын электоратынын үнү парламентте угулбай калышы жалпы бийлик бутактарына элдин ишенимин азайтат».
«Социал-демократтар» партиясы билдирүүсүндө бардык бийлик бутактарын шайлоонун адилеттүү өтүшүнө салым кошууга чакырган. Ошондой эле ачык, таза шайлоону камсыз кылуу үчүн оппозиция-позиция деген кош стандарттуулукту токтотууну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата адилеттүү чечим чыгарууну талап кылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган. Партиянын арызы 7-сентябрда каралары маалым болгон.
Буга чейин БШКнын чечимин «Реформа» партиясы жана «Саясий репрессияларга каршылык комитети» сындап чыккан.
Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат.