Алексей Навальный комадан чыгарылды

Автор -

Германияда дарыланып жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы кыйла оңолуп, комадан чыгарылды. Бул тууралуу Берлиндеги «Шарите» клиникасынын дарыгерлери билдиришти.

Навальныйдын абалы оор болгондуктан дарыгерлер аны атайылап уктатып коюшкан эле. Ошондой эле учурда Навальныйды жасалма дем алдыра турган аппараттан чыгаруу да каралып жатат.

Маалыматтарга караганда, Навальный ага сүйлөгөндөргө реакция кыла баштады.

Буга чейин дарыгерлер аны ууландыруунун кесепети узакка созулушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Навальный 20-августтан тартып комада жаткан.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

Бөлүшүү