Лукашенко резиденцияга автоматчан келгенинин себебин түшүндүрдү

Автор -

Беларусь президенти Александр Лукашенко 23-августтагы нааразычылык акциялары учурунда өзүнүн резиденциясына автомат менен келгенинин себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Бул бир гана нерсени билдирген  — менин эч кайда качып кетпегенимди жана өз өлкөмдү акырына чейин коргоого даяр экенимди», — деген ал Минскте орусиялык ЖМКларга берген атайын маеги учурунда.

Ошондой эле Лукашенко республиканын оппозициясы тарабынан түзүлгөн Координациялык кеңеш тууралуу да өз пикирин айтты.

«Мен оппозициянын Координациялык кеңеши менен сүйлөшпөйм, анткени мен бул адамдардын ким экенин билбейм. Алар эч кандай оппозиция эмес. Алар сунуштаган нерселер Беларусь жана белоруссиялыктарды кыйроого алып барат. Алар биздин бир тууган Россия менен бардык байланыштарды үзүүнү каалап жатышат, билим алуу жана медицина акылуу болушун каалашат. Алар биздин бардык өнөр жай ишканаларыбыз жок болуп, жумушчулар жумушсуз калуусун каалашат!», — деген ал.

Бөлүшүү