Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 36 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде жашы 35-40 чамасындагы, азиат түспөлүндөгү жаран денесинен оор жараат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү ишинде жабырлануучу 36 жаштагы өзбек жараны экени аныкталган. Аны 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында мас абалда башынан оор жараат алып жерде жаткан учурунда жолдо өтүп бара жаткан жарандар көрүп калып, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Жабырлануучу алган жараатынан улам 4-сентябрга караган түнү каза болгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунду Кызыл-Кыя шаарындагы үйүндө жашынып жаткан жеринен кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.