Бишкекте коомдук транспорттун айдоочулары 520 миң сом айып төлөшөт

Автор -

Бишкекте 1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 даана коомдук транспорт текшерилди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анда санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 284 протокол толтурулуп, 519 миң сом айып пул салынды.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Патрулдук милициянын кызматкерлери рейдке чогуу чыгып жатышат. Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу автобустарга, троллейбустарга жана кичи автобустарга ар бир каттам сайын салонду дезинфекциялап, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө беткап жана медициналык мээлей кийүү милдеттендирилген.

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб илдет басаңдаганы менен абал дагы эле жакшыра элек экенин, коомдук жайларда беткап тагынбай жүрүү кооптуу болорун эскертип жатат.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду.