Ташкентте пандемия учурунда үлпөт той өткөрүү эрежесин бузуп, отуздан ашык конок чакырган жаш түгөйлөр айыпка жыгылышты. Бул тууралуу centralasia.media жазды.
Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы соцтармактын өзбек сегментинде үйлөнүү тоюнда тартылган видео тараган соң окуянын чоо-жайын иликтеп баштаган.
«Тасма 9-сентябрь күнү Ташкент облусунун Ташкент районунда тартылган. 29 жаштагы Ахмаджон Т. ал жакка достору менен күйөө бала катары келген. Андан сырткары Ахмаджон өзүнүн үйүнүн алдында үлпөт тоюн уюштуруп, ага кырктан ашык конок келген», – деп билдиришти милициядан.
Бул факты боюнча «Эпидемия менен күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси менен административдик жоопкерчилик тууралуу протокол толтурулду. Эми жаш жубайларга болжол менен 430 доллар айып салынат.
Өткөн жумада Коронавирус менен күрөшүү штабынын мүчөсү Рустам Икрамов тойго 30 адамдан ашык чакырбоо тартиби жок дегенде сентябрдын аягына чейин күчүндө болорун билдирген. Эске сала кетсек, Өзбекстан 15-августтан тарта карантиндик чараларды акырындык менен жумшарта баштаган. 15-августтан баштап өзбекстандыктарга 30 кишиден ашпаган коноктун катышуусунда үйлөнүү той өткөрүүгө уруксат берилген. Той жарандардын үйүндө жана короосунда санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен өтүшү шарт.