Бир сутка ичинде коронавирустан каза тапкан учурлар болгон жок, ал эми 47 адам аталган илдетке кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы чыккан учурлар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек — 8
- Ош — 2
- Чүй облусу – 2
- Ош облусу — 2
- Нарын облусу — 1
- Ысык-Көл облусу – 8
- Жалал-Абад облусу – 10
- Баткен облусу — 14.
Ушуну менен коронавирус алгачкы ирет катталган март айынан бери 44 миң 928 кыргызстандык бул илдетке кабылды. Алардын 41 миңден ашыгыраагы айыгып чыкты. 1063 адам каза тапты.