Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү брифинги учурунда белгилүү болду.
Аталган министрликтин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, оору жуктурган медиктердин бирөө Ысык-Көлдөн, төртөө Баткен облусунан аныкталды.
Ал эми акыркы суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Март айынан бери республика боюнча 3 172 медкызматкер коронавирус илештирип алды, алардын ичинен 2 699 адам айыгып чыкты.