Кегетиде атасы менен урушкан жигит кекиртегин кесип жиберген

Автор -
222

Ысык-Ата районунун Кегети айылында атасы менен уруша кеткен 20 жаштагы жигит өзүнүн кекиртегин кесип салды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, 24.kg жазды.

Булактар окуядан кийин бала Чүй облустук ооруканасына жаткырылганын билдиришкен.

Чүй облустук ИИББ бул маалыматты тастыктаган. Мекеменин билдиргенине караганда, 12-сентябрда саат 21:27де аймактык ооруканадан милициянын нөөмөт бөлүмүнө чалышып, аларга Кегети айылынын 20 жаштагы тургуну А.Э. денесиндеги жаракаттар менен түшкөнүн кабарлашкан.

«А.Э. атасы менен уруша кетип, ашкана бычагы менен өз кекиртегин кескени такталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат», — дешкен редакцияга.

Бөлүшүү