Кыргызстанда COVID-19 илдетинен сакайгандар 41 миңден ашты

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 101 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында билдирди.

Алар:

  • Бишкек – 54
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу – 3
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Жалал-Абад облусу – 11
  • Баткен облусу – 19

Март айынан бери Кыргызстанда жалпысынан 41 023 адам коронавирустан айыкты.