Баткенде 23 адамдан коронавирус аныкталды. 15-сентябрга карата статистика

Автор -

Бир сутка ичинде коронавирустан каза тапкандар болгон жок, ал эми жаңы жугузуп алган 71 киши катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек — 13
  • Ош — 3
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу — 9
  • Талас облусу — 1
  • Нарын облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу — 23.

Коронавирус жугузуп алган алгачкы бейтап катталган март айынан бери Кыргызстанда инфекцияга чалдыккандардын саны 44 999 адамга жетти. Алардын ичинен 41 миң 103 киши айыгып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү