Өкмөт башчы: Азырынча 100 орундуу тойканалардын ачылышына уруксат жок

Автор -

Премьер-министр Кубатбек Боронов жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100 орунга чейин толтурууга уруксат берүү өтүнүчү түшүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул маселе республикалык штабда каралмайынча, алардын ачылышына уруксат берилбейт.

«Биз биринчиден, кырдаалды эске алып, экинчиден, кафе-ресторандардын ээлери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле азыркы күндө кээ бир жарандарыбыз беткап тагынууну такыр унутуп калганын белгиледи.

«Рейддер жүрүп жатат, ага карабастан кафе-ресторандарда той-аштар уланып жатат. Алардын бардыгын текшерип, тиешелүү жазалар колдонулуп жатат, бирок элибиз дагы деле ошол маселелерди улантып жатат. Мунун аягы жакшы эмес. Биз баарыбыз талаптарды жакшы аткарсак, жаман нерседен алыс болууга мүмкүнчүлүк болот. Жаңылыктардан көрүп, окуп жатасыздар, кээ бир мамлекеттерде оору кайрадан күчөп жатат. Ошондой шартка түшүп калбаш үчүн биз баарыбыз эпидемиологиялык-санитардык нормаларды жакшы аткарууга чакырат элем», — деди Кубатбек Боронов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү