Кыргызстан мектептерине 25 миң компьютер алынат

Автор -

Кыргызстандагы бир миң эки жүз мектепке 25 200 компьютер жана 1 200 даана функционалдуу жабдыктар, башкача айтканда, сканер, принтер, көчүрүү модулдары берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Демилге Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында ишке ашат. Максаты — мугалим менен окуучунун санариптик байланышын жогорулатуу.

«Ар бир класска он бештен компьютер (эмереги менен), бирден сканер, принтер, көчүрүү модулу коюлат. Ушул эле мектептерде, өзгөчө математика жана табигый илимдер предметтери боюнча кошумча электрондук материалдар менен сабак өтүүгө мүмкүндүк берген алты класс ачылат», — дешти министрликтен.

Мындан тышкары, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда, сегиз педагогикалык колледжде компьютердик класстар ачылат.

«Башталгыч жана орто мектептерде бардык предметтер боюнча электрондук форматтагы окуу материалдары түзүлүп, которулат. Окуу материалдарынын 70 пайызы кыргыз тилинде болот», — деп айтылат маалыматта.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында 36 миң педагог атайын курстан өтөрү кошумчаланды.