Лейлекте оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Автор -
Иллюстрация

Ош − Баткен − Исфана унаа жолунда оор жүк ташуучу «Хово» толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 14-сентябрь күнү саат 23:59 чамасында болгон. Лейлек районунда Ош − Баткен − Исфана унаа жолунун 329-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу «Хово» үлгүсүндөгү унаанын салону толугу менен күйгөн.

Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү