Эртеңден тарта электр жарыгы үчүн карызы барлар өчүрүлөт

Автор -

Эртең, 17-сентябрдан тарта, «Түндүк электр» ишканасы карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматта жарандар карызынан кутулгандан кийин гана кайра жарык берилери белгиленген.

«Ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырабыз», — дешти ишканадан.

Жарык үчүн төлөмдөрдү «Кыргыз почтасынан», терминалдардан жана электрондук капчыктардан аткарууга болот.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү