Баткенде эскертүүнү тоотпогон тамактануучу жайлар жабылды

Автор -

Баткен шаарында рейддик иш-чаралар уланып, бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери биргеликте коомдук транспорттордун, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалын текшеришкен.

Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан, бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү