Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ал эми жаңы жугузгандар — 81 адам. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан чыккан:
— Бишкек — 7;
— Ош — 4;
— Чүй облусу – 8;
— Ош облусу — 22;
— Талас облусу — 3;
— Нарын облусу — 1;
— Ысык-Көл облусу – 8;
— Жалал-Абад облусу – 13;
— Баткен облусу — 15.
Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 45 миң 153 адамга жетти. Алардын ичинен 41 миң 317 адам айыгып чыкты. Учурда 527 адам ооруканаларда дарыланууда, 1 788 адам үйүндө дарыланууда. 1 063 адам каза тапты.