Ош облусунда 22 адамдан коронавирус чыкты. Жалпы — 81 адам

Автор -

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ал эми жаңы жугузгандар — 81 адам. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан чыккан:
— Бишкек — 7;
Ош — 4;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 22;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 15.

Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 45 миң 153 адамга жетти. Алардын ичинен 41 миң 317 адам айыгып чыкты. Учурда 527 адам ооруканаларда дарыланууда, 1 788 адам үйүндө дарыланууда. 1 063 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү