Ысык-Атада жол кырсыгынан 1 наристе каза болуп, 4 адам жабыркады

Автор -

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында Mazda 626 жана Seat үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1 наристе каза болуп, 4 адам жабыркаган. ӨКМнын №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин каза болгон баланын жансыз денесин Тез жардам кызматы алып кеткен. Ал эми жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарышып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү