«Жал» кичи районунда чыккан өрт толук өчүрүлдү

Автор -

Бишкектин «Жал» кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 16-сентябрда Тыналиев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, автошаты унаасы жана 1 штаб тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, «Тез жардам» кызматынан 1 бригада жеринде иш алып барышкан.

Өрт саат 23:52де чектөөгө алынып, түнкү саат 01:13тө толук өчүрүлдү.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү