Башкы прокуратура Космосбек Чолпонбаевге тагылып жаткан айып тууралуу маалымдады

Автор -

Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку башчысы Космосбек Чолпонбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынды. Башкы прокуратурадан мурдагы министр эмнеге айыпталып жатканын маалымдашты.

«Космосбек Чолпонбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдасыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын зыян келтирген деп шектелүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев буга чейин 320-берененин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кармалган.