Бишкекте сасык тумоого каршы акысыз вакцина кимдерге жасалат?

Автор -

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору россиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасын алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эми бул вакциналар аймактарга таратылып берилет. Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын кайсы катмары бул мүмкүнчүлүктөн колдоно аларын жарыялады.

Курч дем вирустук ооруларга каршы вакцинациялоо төмөнкү категориядагы адамдарга акысыз жасалат:

— Жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине;

— Балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга.

Эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга болот.

Андан сырткары вакцинациялоо акы төлөө менен жеке медициналык клиникаларда жүргүзүлөт: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», пр.Асымбекованын клиникасында, ЦАДМИР, «Интермедикал».

Эскерте кетсек, Бишкекте жана Чүйдө калкты эмдөө иштери 16-сентябрдан тарта жүргүзүлүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү