Кыргызстанда бүгүн 91 кишиден коронавирус аныкталды

Автор -

18-сентябрга карата Кыргызстанда 91 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек — 7;
Ош — 3;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу — 15;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусу — 20.

Кыргызстанга коронавирус илдети жеткен март айынан бери өлкө боюнча 45 миң 244 адам бул илдетке чалдыкты. Учурда алардын 41 миң 415и айыгып чыкты. 547 бейтап азыркы тапта ооруканаларда дарыланууда, ал эми 1 772 жаран үйлөрүндө дарыланууда. 1063 киши оорудан каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү