Быйыл миңге жакын адам кыргыз жарандыгын алууга арыз берген

Автор -

Быйыл 973 киши Кыргызстандын жарандыгын алат, алардын эки жүз экиси — балдар. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жарандык ала тургандардын көбү — этникалык кыргыздар. Ал эми «Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү» дагы бир жарлыкка ылайык, берген арыздарынын негизинде 238 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат. Алардын элүү экиси — балдар.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгарууга жана кабыл алууга президент гана укуктуу.

Өлкөнүн жараны болгусу келген адам Кыргызстанда соңку беш жылда туруктуу жашашы керек. Мыйзамдарды бузбаганы тууралуу Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жана Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалымкаттардын негизинде ага жарандык берүү маселеси каралат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү