Бир ай мурун Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Ушул жылдын 15-август күнү Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз дагы деле табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

26 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. 21-сентябрь күнү издөө иштерине  ӨКМден жалпы 22 куткаруучу тартылган. Кечки саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 22-сентябрда издөө улантылат.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Теңдик айылында 7 жаштагы Н. Б. аттуу бала Чу дарыясына чөгүп кеткен.

21-сентябрь күнү ӨКМден 3 куткаруучу  тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 22-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү