Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы баш калаадагы көчөлөргө 8 жол чырак курууга жана орнотууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы коюла турчу 8 жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине коюлат:
1. Профсоюз жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде;
2. Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде;
3. Дэн Сяопин менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишинде;
4. Алтымышев жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
5. Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде;
6. Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде;
7. Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде;
8. Юнусалиев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтчү жерге (Мега-Ситинин маңдайы).
Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 874 миң 765 сом каралган.
Жол чырактардын тизмесин шаардыктардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен атайын комиссия түзгөн.