Бишкек көчөлөрүнө кошумча 8 жол чырак коюлат

Автор -

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы баш калаадагы көчөлөргө 8 жол чырак курууга жана орнотууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы коюла турчу 8 жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине коюлат:

1. Профсоюз жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде;

2. Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Дэн Сяопин менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишинде;

4. Алтымышев жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;

5. Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде;

6. Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде;

7. Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде;

8. Юнусалиев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтчү жерге (Мега-Ситинин маңдайы).

Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 874 миң 765 сом каралган.

Жол чырактардын тизмесин шаардыктардын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен атайын комиссия түзгөн.


Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү