Ысык-Ата районун Жээк айылында 13 жаштагы өспүрүм эки кишини бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу күч органдарындагы булактарына таянып, Kaktus.media жазды.
Маалыматка караганда, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында жергиликтүү жашоочулардун катышуусунда жапырт мушташ чыккан. Алдын ала алынган маалыматка караганда, айылдыктардын бир тобу аларга башка аймактан жаш үй-бүлө көчүп келгенин жактырышкан эмес. Алар жаңы айылдашынын үйү тарапка барышып, сөздөн сөз чыгып атып, мушташ башталган.
«Кол салгандар көп болгон, алар бүт үй-бүлө мүчөлөрүн сабап салышкан. Бул учурда үйдүн 13 жаштагы уулу бычакты ала калып, кол салгандардын экөөсүнө шилтеген. Бычак алардын көкүрөк тушуна жана бутуна тийген. Жабыркагандар — 1988 жана 1994-жылы туулган жарандар», — дешкен милиция кызматкерлери.
Жабырлануучулардын бардыгы, тактап айтканда, алты киши тең Кант шаарынын ооруканасына жаткырылган.
Такталбаган маалыматка караганда, урушту кийинки күнү улантмай болушкан. Бирок аксакалдар токтотуп калган.