Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 108 бейтап сакайды

Автор -

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 108 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар төмөнкү аймактардан:
— Бишкек – 10;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 31;
Нарын облусу – 2;
Талас облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 12;
Баткен облусу – 15.

Жалпысынан өлкөдө вирустан айыккандардын саны 41 904 адамга жетти.