ASPI: Кытай мусулмандарды кармоочу жайларды көбөйттү

Автор -

Австралиялык талдоо борбору өз иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып, Кытайдын Шинжаң аймагында мусулмандарды кармоочу жайлар мурда болжолдогондон кеңейип жана кийинки жылдары дагы көбөйгөнүн билдирди, деп жазат «Азаттык». Стратегиялык саясат боюнча австралиялык институт (ASPI) 24-сентябрда билдиргендей, миллионго чукул мусулман, негизинен уйгурлар кармалган лагерлердин саны мурдагы эсептерге караганда болжол менен 40% көп.

Буга чейин Бээжин ал жайларда кармалгандардын көбү бошотулганын билдирген. ASPI спутниктен алынган, күбөлөр тарткан сүрөттөрдүн, маалымат каражаттарына чыккан макалалардын, курулуш тендерлери боюнча расмий документтердин жардамы менен Шинжаң аймагында «камакка алчу жай» деп шектелген 380ден көп объект аныкталганын белгилейт.

«2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын июль айына чейин кеминде 61 кармоочу жай курула баштаган жана кеңейтилген», деп билдирет ASPI.

Бир катар Батыш мамлекеттери, эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз камап турганы үчүн айыпташат. Буга чейин Кытайдан келген жүздөгөн казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде эркинен тыш, катаал шартта кармалып турганын айтып, жардам сурашкан. Өткөн аптада АКШ Шиңжаңда өндүрүлгөн кытайлык товарларды алып кирүүгө тыюу салган. Бээжин бул дооматтардын баарын четке кагып, сөз болгон жайларды «агартуучу борбор» деп атап келет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү