Жеке клиникаларда сасык тумоого каршы вакцина канча турат?

Автор -

Адамдар бир эле убакта сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы менен ооруп калышы жана илдеттин өтүшү оор болуу коркунучу бар. Ошондуктан COVID-19дун курчушуна жол бербеш үчүн курч респиратордук вирустук жугуштуу илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабын кезектеги жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген тизмеге жана тобокел топко киргендердин (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү тарбиялануучулар, кары-картаңдар жана медицина кызмактерлери) 45 пайызы эмдөөдөн акысыз өткөрүлдү.

«Өз каалоосу менен эмдөөдөн өтүүнү каалагандар үчүн 25 жеке клиника акы төлөнүүчү негизде вакцинациялоо иштерин уюштурат. Анын наркы 450-750 сом болууда. Учурда 13 жеке менчик медициналык борбор бул багыттагы жумуштарын жүргүзүп жатат. Калган клиникаларды санитардык кызматтар талаптардын аткарылышын текшерүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү