25-сентябрга карата 13 медик коронавирус жуктуруп алды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 
— Бишкек ш. – 4;
— Ош облусунда – 2;
— Ош ш. – 1;
— Жалал-Абад облусунда – 2;
— Баткен облусунда – 4.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3227 учур катталды, алардын ичинен 2918 медкызматкер айыгып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү