Нобелдин байге фонду көбөйдү

Автор -

Нобель фонду ар бир сыйлыгы үчүн берилчү байгесине дагы 110 миң доллар кошууну чечти. Бул тууралуу фонддун төрагасы Ларс Хейкенстен швециялык Dagens Industri гезитине 24-сентябрда билдирди.

Ошондо ар бир сыйлыктын акчалай байгеси 10 млн. швед кронуна, же 1,1 млн. долларга жетет.

125 жыл мурда швед окумуштуусу Альфред Нобель 31 миллион кронун, учурдагы курска айлантканда 1,8 млрд. крон мураска калтырып, илим чөйрөсүндө ийгиликке жеткендерге байге катары үлөштүрүү керектигин көрсөткөн.

1901-жылы Нобель сыйлыгы негизделип, тапшырылып келет. Медицина, физика, химия, адабият, тынчтык жана экономика номинацияларынын ээлери 5-октябрдан тартып аныктала баштайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Стокгольмдо өтүүчү салттуу сыйлоо аземи жана сый тамак болбой турганы, Нобель лауреаттардын өз өлкөлөрүнө жеткирилери кабарланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү