Аламүдүн районунда жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Автор -

Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында 27-сентябрь күнү саат 7:00дө «Субару Форестер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (эркек, аял) жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү