Караколдо санитардык эреже сактабаган 3 тойканага иш ачылды (сүрөттөр)

Автор -

25-сентябрдан 27-сентябрга чейин Каракол шаарында коомдук тамактануу жайлары тарабынан санитардык эрежелердин талаптарын сактоо боюнча текшерүү иш чарасы болуп өттү, деп билдиришти облустук милициядан.

Аталган иш чарага милиция кызматкерлери, санэпидемстанциясынын жана мэриянын өкүлдөрү тартылып, шаардын аймагында жайгашкан тойканалар, кафелер жана ресторандар текшерилип чыккан.

Текшерүү көргөзгөндөй, коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышынан улам, чектөөлөр киргизилгендигине карабастан, айрым коомдук тамактануу жайлардын администрациялары юбилейдик тойлорду, үйлөнүү үлпөттөрүн, куран окутуу жана башка массалык түрдөгү иш чараларды өткөрүү боюнча буйрутмаларды алышууда.

Рейд учурунда, «Барскан», «Тору-Айгыр» жана «Хан-Тенгри» тойканаларында мына ушундай массалык иш-чаралар санитардык талаптар сакталбастан  өтүп жаткандыгы аныкталган. Текшерүүчүлөр тарабынан массалык иш-чаралардын уюштуручулары менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, иш-чаранын андан аркы өткөрүлүшү токтотулду. Санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.

Андан тышкары аныкталган фактылар Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин «Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери өтүүдө.