Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Автор -
295

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 1-октябрдан тарта 4-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кытай тараптын демилгеси менен бул күндөрү чек арадан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү чектелет. Себеби Кытайда билим күнү майрамдалат.

Ал эми 5-октябрдан тарта «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери өзүнчө алгоритм менен иштей баштайт. Жаңы алгоритмге ылайык, Кытайдан гана Кыргызстанга товар алып өтүүгө уруксат берилет.

Бөлүшүү