29-сентябрга карата 167 адамдан коронавирус аныкталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 167 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек — 9
Ош — 5
Чүй облусу – 15
Ош облусу — 38
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 31
Баткен облусу — 55.

Ошону менен март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 46 миң 522 адамга жетти. Алардын ичинен 42 761 сакайып чыкты. Стационарда 761 бейтап дарыланууда. Амбулатордук дарыланууда 1484 бейтап бар. Каза болгондор -1064.