Саламаттык сактоо министри сөгүш жеди

Автор -

Премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Министр мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, Калысбек Шадыханов мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш алды.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптуусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», — деди Боронов.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө санитардык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү.

Бөлүшүү