Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу бүтө элек

Автор -

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу графиктен артта калууда. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 30-сентябрда  жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты.

Өкмөт башчы жумуштун создугуп жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, иштин сапатына байланыштуу бир катар арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.

«Бардык курулуш жана көрктөндүрүү иштери кыска убакыттын аралыгында бүткөрүлүшү керек. Куруу жумуштары өз мөөнөтүндө аяктайт деп айтылган. Жетишпей калдыңар. Силерге дагы убакыт берилди. Бардык иштерди максималдуу түрдө ыкчам аяктоо зарыл», – деди Кубатбек Боронов.

Ишти аткаруучу фирманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Өкмөт башчыга объектиде жүргүзүлүп жаткан иштер, суу менен камсыздоо жана канализациянын туташуусу жөнүндө маалымат беришип, бардык жумуштар жакынкы аралыкта бүтөөрүн айтышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасында өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимациялык блок каралганын маалымдашты. Ал эми бардык бөлмөлөр тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. Курулуш жумуштары бүтөөрү менен медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу, жайгаштыруу иштери башталат.