Коронавирус күчөгөн түштүк аймактарга Бишкектен дарыгерлер барат

Автор -

Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды дыкат иликтөөгө тийиш. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди, деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Аталган аймактарда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мындан улам, айтылган облустардагы абалды иликтөө үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу бүгүн аймакка барат.

«Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу тынч, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл», — деди өкмөт башчы.

Борбор калаадан барган дарыгерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптештерине консультацияларды беришет.

Бөлүшүү