COVID-19: Мыкты дарыгерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Автор -

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлерине жана башка жарандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Өлкө президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда дарыгерлер, куткаруучулар, укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер менен жолугуп, жалпысынан 123 адамга сыйлыктарды тапшырды.

Президент аларга ыраазычылык билдирип, илдетке каршы күрөшкөндөрдүн каарман эмгегине жана таза ниетине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи. Ооруга чалдыккандардын баарынын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонуна өкүнүүсүн билдирди. Оору коркунучу дагы эле бар экенин, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аткарыла турган иш, чече турган маселе көп экенин айтты.

Ошону менен катар Жээнбеков эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосун белгилеп, Орусиянын жана Кытайдын медициналык адистери жардамга келгенин кошумчалады.

Жалпысынан 131 адамга медаль, орден жана Ардак грамоталарын ыйгаруу тууралуу жарлыктарга быйыл август айында кол коюлган болчу.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус 46 841 адамга жукту, алардын миңден ашууну каза болду. Ооруга 3 266 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 80ден ашуунун сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Коронавируска чалдыккандарды дарылоого жардам берүү үчүн июль айынын соңунда Орусиядан доктурлар тобу келип кеткен. 28-сентябрда Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда «Сиздердин жардамыңыздар менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыра алдык» деп айткан.

Бөлүшүү