Бир сутка ичинде өлкө аймагында 215 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Илдет Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан көп чыккан:
— Бишкек — 17
-Ош — 19
— Чүй облусу – 23
— Ош облусу — 41
— Талас облусу — 1
— Нарын облусу — 1
— Ысык-Көл облусу – 10
— Жалал-Абад облусу – 40
— Баткен облусу — 63.
Коронавирус жуктурганы тастыкталган адамдардын саны ушуну менен 47 056 миңге жетти.