Сезондук суук тийүүдөн айыккан адамда коронавирустун ар кандай түрлөрүнө, ошондой эле COVID-19ду дүүлүктүрүүчү SARS-CoV-2ге иммунитет жаралуусу мүмкүн. Мындай бүтүмгө америкалык окумуштуулар келип, изилдөө жыйынтыктарын mBio илимий журналына жарыялашкан. Бирок ал иммунитет канчалык эффективдүү болоорун окумуштуулар азырынча айта албайт.
«Коронавирус инфекциясынан сакайып чыккан 26 адамдын кан анализин иликтеп чыгып, көбүнүн канында В-клеткалар топтому бар экенин аныктадык. Ал клеткалар SARS-CoV-2ни таап чыгып, жана эң негизгиси — аны жок кылууга кудурети жетет», — дейт изилдөө авторлорунун бири Рочестсер университетинин профессору Марк Сангстер.
Алынган кан үлгүлөрүн окумуштуулар алты-жети жыл мурун дени сак адамдардан алынган үлгүлөр менен салыштырышкан. Мурдакыларында В-клеткалары бета-коронавирустардын баарын эстеп калып, аныктап чыгып, иштелип чыккан антителалардын жардамы менен алардын активдүүлүгүн басаңдатып тураары билинди. Демек, кайсы бир мезгилде суук тийгизип, айыккан адамдын В-клеткаларынын эс-тутуму иштелип чыгып, адамды кийин коронавирус инфекциясынан сактап калышы мүмкүн деген бүтүмгө келишти окумуштуулар.
Бирок адамды коргоо үчүн канында андай клеткалардын саны канча болушу керек жана алар дарылоо жыйынтыгына кандайча таасир тийгизээрин окумуштуулар аныктай алышкан жок. Изилдөөчүлөр учурда ушул маселелерди иликтөө үстүндө иштөөдө.